Бал өндүрүүчүлөрдүн III эл аралык конгресси “Манас” университетинин чамгарагында өттү


  • 2024-04-30

2024-жылдын 23-24-25-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Бал өндүрүүчүлөрдүн III эл аралык конгресси 65 өлкөнүн катышуусунда онлайн форматта өттү.

Конгресске Афён Кожатепе университети, Технология трансфер кеңсеси, Афён Зафер технопаркы, Аары жана бал өндүрүүчүлөр ассоциациясы, (APIDER) жана Ветеринария жана коомдук саламаттыкты сактоо ассоциациясы (VEHADER) сыяктуу маанилүү мекемелер да колдоо көрсөтүштү.

Конгресс Афён Кожатепе университетинин мамлекеттик консерваториясынын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин консерваториясынын концерттик видеолору менен башталды.

Мындан тышкары, конгресстин жүрүшүндө аары темасында онлайн сүрөт көргөзмөсү да өткөрүлдү.

Конгресстин ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргызстан өзгөчө бал менен белгилүү географиялык аймак болгондугу үчүн конгресстин бул өлкөдө уюштурулушунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле аары жана аары азыктары боюнча изилдөөлөрү менен таанылган баалуу илимпоздордун башын бириктирген конгресс Кыргызстандын бал сапатын сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү миссиясын өзүнө аларын билдирди.

Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө быйылкы конгресске 65 өлкөдөн 300гө жакын илимпоз катышканын жана 150дөн ашуун доклад окула турганын билдирди. Ал мындай илимий эмгектер балчылык тармагына жана жалпы адамзаттын маалымат алуусуна баалуу салым кошоорун баса белгиледи. Ошондой эле Түркия Республикасынын 100 жылдыгынын алкагында уюштурулган бул конгресс өтө баалуу иш-чара катары өзгөчөлөнүп жатканын белгиледи.

Конгресстин жүрүшүндө аарылардын жана балчылыктын маанилүүлүгүн баса белгилөө максатында дүйнөнүн төрт бурчунан келген академиктердин маалымат бөлүшүп, акыркы технологиялык өнүгүүлөрдү биргеликте ачкандары айтылып, туруктуу келечек үчүн багыт көрсөтүлдү.

Аарылар бал өндүрүп гана тим болбостон, дени сак экосистеманын ажырагыс бөлүгү экендиги, бал өндүрүү жаратылыш менен болгон байланышты бекемдеп, өзгөчө айыл жергесинде экономикалык жана социалдык өнүгүүгө түрткү берери айтылды.

Конгресстин бал өндүрүү тармагындагы жаңы изилдөөлөр үчүн академиялык өнөктөштүктү орнотууга кошкон салымы да баса белгиленди.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C6Y2tgotulQ/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6Y6CP0NVsI/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA=

    Социалдык медиада бөлүшүү