КТМУда жазгы семестрге карата академиялык кеңеш жыйындары аяктады


  • 2026-03-13

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2025-2026-окуу жылынын жазгы семестринин академиялык кеңеш жыйындары, ректор, профессор Алпаслан Жейландын катышуусунда өткөрүлгөн факультеттердеги отурумдардын жыйынтыкталышы менен аяктады.

Факультет жетекчиликтери жана окутуучулардын катышуусунда өткөн жыйындарда билим берүү ишмердүүлүгү, илимий изилдөөлөр, академиялык жарыялардын көрсөткүчтөрү, эл аралык кызматташтыктар жана коомго салым кошуу багытындагы иштер талкууланды. Жыйындарда факультеттердин академиялык өнүгүүсүн бекемдөөгө багытталган максаттар, келечекке карата пландар жана стратегиялык иштер каралды.

Жазгы семестрдин академиялык кеңеш жыйындарынын алкагында 2026-жылдын 12–13-март күндөрү Экономика жана башкаруу факультетинде, Ветеринардык факультетте, Теология факультетинде, Спорт илимдери факультетинде жана Кесиптик колледжде академиялык жыйындар өткөрүлдү.

Апта бою ар түрдүү факультеттерде өткөрүлгөн жыйындар менен 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестрине карата уюштурулган академиялык кеңеш жыйындары толук аяктады. Жыйындарда жүргүзүлгөн баалоолор жана кабыл алынган чечимдер университеттин академиялык өнүгүүсүнө салым кошуп, билим берүү сапатын мындан ары да жогорулатууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

    Социалдык медиада бөлүшүү